Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

АКШ Түндүк Корея континент аралык ракетасын сынаганын ырастады


"Хвансонг -14" ракетасы сыналган учур. Сүрөт 4-июлда таратылды.
"Хвансонг -14" ракетасы сыналган учур. Сүрөт 4-июлда таратылды.

Коргоо министрлиги - Пентагон жана Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон да ырастагандай, соңку сыноо Түндүк Кореянын ракеталык технологиясындагы секирикти көргөздү.

Тиллерсон Пхеньяндын 3-июлдагы сыноосу бардык өлкөлөр үчүн коркунуч жаратарын белгилеп, “глобалдык коркунучту токтотуу үчүн глобалдык чара керек, түндүк кореялыктарга иш, өлкөгө экономикалык жана аскерий жардам берип жаткан же БУУнун коопсуздук кеңешинин резолюциясын аткарбаган мамлекет коркунучтуу режимге кол кабыш кылып, аны козутууда” деп кошумчалады.

АКШ Мамлекеттик катчысынын эскертүүсү Орусия менен Кытайга багытталган сыяктуу. Бул эки өлкөдө тең Түндүк Кореядан барган миңдеген жумушчулар иштейт, алардын Пхеньян менен экономикалык байланыштары бар.

Түндүк Кореянын соңку сыноосун БУУнун башкатчысы Антонио Гутерреш да айыптап, аны “Коопсуздук кеңештин резолюцияларын одоно бузгандык, кырдаалды курчутуу” деп мүнөздөдү.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын болсо өз билдирүүсүндө сыноону АКШнын 4-июлдагы Көз карандысыздык күнүнө “белек” деп атады.

Мамлекеттик медианын маалыматына караганда, “Хвансонг-14” ракетасы 39 минутта 933 чакырым учуп, 2802 чакырымдык бийиктикке көтөрүлгөн.

Пхеньяндын ырастоосунда, алардын бул ракетасы суутек бомбасы өңдүү “чоң жана оор” өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө да жөндөмдүү. (UE)

XS
SM
MD
LG