Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Малайзия учагынын Украинада кыйрашы үчүн шектүүлөр Нидерландда соттолот


Кыйраган учактын сыныктарын чогултуу учуру. 1-август, 2014-жыл.
Кыйраган учактын сыныктарын чогултуу учуру. 1-август, 2014-жыл.

Мындай билдирүүнү Нидерланддын тышкы иштер министрлиги жасады. Бирок алардын жарыясында шектүүлөрдүн ысымдары аталган эмес. 2014-жылдын 17-июлундагы трагедиядан 17 өлкөнүн жарандары болгон 298 кишинин өмүрү кыйылган.

Андан бери жүргүзүлгөн эл аралык иликтөө Амстердамдан Куала-Лумпурга MH 17 каттамын аткарган жүргүнчү учак Украина чыгышында жикчилер көзөмөлдөгөн аймактан "Бук" үлгүсүндөгү ракета менен атылганын аныктаган.

Эл аралык иликтөө тобу ошондой эле ошол "Бук" ракеталык системасы Украина аймагына Орусиядан учак атылар алдында алынып келинип, кайра дароо эле Орусияга жөнөтүлгөнү да аныктаган.

Москва иликтөөнүн мындай бүтүмүн четке каккан болчу.

Нидерланддын тышкы иштер министри Берт Кундерстин айтымында, сотту аларда өткөрүү боюнча чечимди иликтөөгө катышкан Австралия, Бельгия, Малазия, Украина, Нидерланд биргелешип кабыл алды.

Нидерланд тышкы иштер министри кошумчалагандай, бул өлкөлөр кылмышка шектүүлөрдү сот жообуна тартуу боюнча кызматташтыгын улантат. (UE)

XS
SM
MD
LG