Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Европарламент Украинага соода жеңилдигин колдоду


Буудай Украинанын башкы экспорттук товарларынын бири.
Буудай Украинанын башкы экспорттук товарларынын бири.

Европарламент 4-июлда басымдуу көпчүлүк добуш менен колдогон чечимге ылайык, Украинанын айыл чарба жана өнөр-жай товарларынын айрымдары үчүн быйыл сентябрдын соңунан тарта үч жылга убактылуу жеңилдик берилет.

Еврокомиссия жасаган сунуш украин экспортчуларынын Евробиримдик базарына кирүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуусу керек.

Евробиримдик менен Украина ортосунда эркин соода аймагы боюнча келишим 2016-жылдын соңунан тарта күчүнө кирген.

Ал азыр буудай, арпа, жүгөрү, бал өңдүү айыл чарба продукциялары, жез, алюминий, жер семирткич өңдүү өнөр-жай товарлары үчүн жеңилдик алууда. (UE)

XS
SM
MD
LG