Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Катар коңшуларынын ультиматумуна расмий жооп берди


Доха шаарынын көрүнүшү. 2-июль, 2017-жыл.
Доха шаарынын көрүнүшү. 2-июль, 2017-жыл.

Расмий Доханын жообу бүгүн эртең менен алынганын “ал-Арабия” телеканалы төрт өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүнө таянып кабарлады. Бирок Катардын жообунун мазмуну азырынча беймаалым.

“Ассошиэйтед пресс” агенттигинин жазганына караганда, Сауд Арабия, БАЭ, Бахрейн, Египеттин тышкы иштер министрлери кийинки кадамдарын талкуулоо үчүн бүгүн Каирде чогулганы жатат. Кечээ ал жерде аталган өлкөлөрдүн коопсуздук кызмат башчылары да кездешкен.

Быйыл 5-июндан тарта Катар менен дипломатиялык мамилесин үзүп, транспорттук жана башка байланыштарын токтоткон Сауд Арабия, БАЭ, Бахрей, Египет 22-июнда Катарга 13 талап коюп, алардын аткарыла баштоосу үчүн он күндүк мөөнөт чектеген. Бул мөөнөт эки ортого арачылык кылып жаткан Кувейттин өтүнүчү менен 48 саатка узартылып, ал бүгүн эртең менен аяктады.

Катарга берилген тизменин арасында Иран менен байланышты токтотуу, Түркиянын аскерий базасын, Дохадагы “Ал-Жазира” телеканалын жабуу жөнүндөгү талаптар бар болчу.

Буга чейин 1-июль күнү Катардын тышкы иштер министри шейх Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани талаптарды өлкөсүнүн суверенитетине шек келтирүү катары четке каккан. Бирок Перс булуңундагы коңшуларынын шарт-талаптары жөндүү болсо расмий Доханын диалогго даярдыгын да билдирген.

Сауд Арабия, Бириккен Араб эмираттары, Бахрейн, Египет Катар менен мамилесин үзүүдө Доханы исламчыл экстремисттерди анын ичинде араб дүйнөсүнүн көптөгөн өлкөсүндө бар “Мусулман агайындар” кыймылын жана Ирандын саясатын колдоп жатат деп айыптаган.

Катар бийликтери аларга коюлган дооматтарды четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG