Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

ИМ тобуна кошулган тажик полковниктин төрт тууганы атышууда мерт болду


Гулмурод Халимов.
Гулмурод Халимов.

Тажик полициясынын маалыматына караганда, Гулмурод Халимовдун туугандары менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусу Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Восе районунда 4-июлдун кечинде болгон.

Полиция өкүлдөрү билдиргендей, атышуудагы мурдагы полиция колбашчысы Гулмурод Халимовдун эки бир тууганы жана эки жээни мерт болгон.

Алардын бири - Халимовдун 52 жаштагы бир тууган агасы Султанмурад Халимов. Тажик коопсуздук өкүлдөрү алар башкы дагы үч адам менен бирге Ооганстанга кетип бара жаткан деп боолголошууда.

Тажикстандын Ички иштер министрлгинин атайын күчтөрү же ОМОНдун колбашчысы Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп кеткен. Кийин ошол эле жылы май айындагы видео кайрылуусунда ал “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганын айтып, АКШ менен Орусияны "ыйык согуш" менен коркуткан.

Тажикстан Халимовго эл аралык издөө жарыяласа, АКШ дайын-дареги тууралуу маалымат бергендерге 3 миллион доллар сыйлык сунуштаган болчу.

2015-жылдан бери ал Иракта же Сирияда өлгөнү тууралуу такталбаган маалыматтар бир нече жолу чыккан. Тажик бийликтери мындай маалыматтарды такай четке кагышып, ал түрүү болушу мүмкүндүгүн айтып келишкен.

Быйыл май айында бийликтер ошондой эле Халимовдун 18 жаштагы уулу Бехруз Халимовду Сирияга атасына кетүүгө аракеттенген деген айып менен камакка алышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG