Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:52

Бийликтегилерди сындаганы үчүн суракка чакырылып, кылмыш иш козголгон активист, көзү азиз Темирлан Ормуков жүрөгү кармап ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна маалымат берип ал учурда ооруканада экенин, реанимациядан жаңы чыкканын айтты.

Ормуковго карата “ушактоо” беренеси боюнча кылмыш иш козголгону быйыл февраль айында кабарланган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовду бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап милицияга арыз жазган. Бул боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Ормуков жазгандар жалган экени аныкталган.

Ага чейин Башкы прокуратура Ормуковдун президентти сындап социалдык тармакка жазган ырында “аймак аралык козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган.

Майып активист ага карата басым болуп жатканын, өзүнүн жана кошуналарынын үйүн Каржы полициясы камакка алып койгонун айтууда. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG