Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Сот Текебаевдин адвокаттарынын кезектеги өтүнүчтөрүн четке какты


Судья Эрнис уулу Айбек
Судья Эрнис уулу Айбек

Өмүрбек Текебаевдин сотунда адвокаттардын кезектеги өтүнүчү четке кагылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Жактоочулар ишти карап жаткан судья Эрнис уулу Айбекти жана прокурор Жахонгир Ботобаевди четтетүү өтүнүчүн келтиришкен болчу. Муну алар сот мыйзамдарынын бузулушу, судья менен айыптоочу тарап өз ара сүйлөшүп алганы менен негиздешкен. Судья Эрнис уулу Айбек адвокаттардын бул өтүнүчүн негизсиз деп эсептеди.

Ошондой эле адвокаттар күбө, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы кызматкери Сүйөркул Бакировду сотко алып келүү өтүнүчүн келтиришкен. Сот ал коопсуздугунан коркуп жатканын айтып, өтүнүчтү четке какты жана терөө маалында берген көрсөтмөсүн окуп койду дейт Токтакунова:

- Эгерде келүүдөн баш тартып жатса да бул тууралуу ал сотко келип өзү айтышы керек болчу. Биздин оюбуз боюнча, аны келтирбей, тергөөдө айткан сөзүн окуп коелу деп жаткандарынын себеби - буга чейин кыйын болуп жаткан күбөлөрү соттон башкача күбө берип жатышпайбы.

Мындан тышкары сот параны алып, Текебаевдерге бермек делип жаткан адам, маркум Талант Маматкеримовдун жесири мыйзам боюнча "күбө боло албайт" деген өтүнүчтү да четке кагып, анын тергөөдө берген көрсөтмөсүн окуп берди.

"Ата-Мекен" партиясынын башчысы, парламенттеги фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов коррупция боюнча соттолууда. (RK)

XS
SM
MD
LG