Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Орус парламенти Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таанууга чакырды


Москва шаары.
Москва шаары.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 5-июлдагы таңкы отурумунда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таануу өтүнүчү камтылган президентке кайрылууну бир добуштан колдоду. Документте чет элдик айдоочулук күбөлүктөрдү пайдаланууга тыюу салуу жана орусиялык күбөлүк алуу жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы айдоочулардын орус тилин жетиштүү деңгээлде билбегени менен байланыштуу экени айтылган.

Кыргызстандык айдоочунун күбөлүгү.
Кыргызстандык айдоочунун күбөлүгү.

Бирок орус тилинин Кыргызстандын Конституциясында расмий тил макамына ээ экендиги кыргызстандык жарандардын орус тилин жана орусча жол эрежелерин жакшы өздөштүрүүсүнө өбөлгө болору парламенттик кайрылууда белгиленген. Мамдуманын расмий интернет барагында белгиленгендей, отурумга катышкан 406 депутаттын бардыгы бул кайрылууну колдоп добуш берди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын мындай демилгесин колдой турганын анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 21-июнда Москвадагы мамлекеттик сапары учурунда айдоочулук күбөлүк боюнча маселени Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушууда козгогонун, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айдоочулук күбөлүктөрүнүн Орусияда таанылышы боюнча тапшырма бергенин маалымдаган.

Эгерде бул тапшырма тез арада аткарылчу болсо, анда Орусияда айдоочу болуп иштеген миңдеген кыргызстандык мигранттардын түйшүгү жеңилдемекчи.

Орусия бийлиги коомдук транспортто, такси кызматтарында жана жеке ишканаларда чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө 1-июндан тарта тыюу салган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG