Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Тажикстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жолдору талкууланат


CASA-1000 долбоорунун ачылыш аземи.Тажикстан. 13-май, 2016-жыл.
CASA-1000 долбоорунун ачылыш аземи.Тажикстан. 13-май, 2016-жыл.

Дүйшөмбү шаарындагы жыйынга аталган долбоорго катышып жаткан Кыргызстан, Тажикстан, Пакистандын премьер-министрлери, Ооганстандын президенти катышат.

Пакистандын премьери Наваз Шарифтин Тажикстанга сапары 5-июлда башталган, ооган президенти Ашраф Гани жана Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн барышат.

Долбоорду ишке ашыруу маселеси камтылган мыйзамды былтыр кыргыз парламенти кабыл алып, президент кол койгон. Кыргызстан бул үчүн чоң өлчөмдө насыя алмакчы.

Кыргыз өкмөтү долбоорго республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбай турганын, эл аралык каржы уюмдарынан алынган 233 миллион доллар гана жумшаларын билдирген.

САSA-1000 жүзөгө ашса Кыргызстан,Тажикстандан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясы экспорттолот. Долбоорго жалпы 1,17 млрд доллар кетери эсептелинген. (NT)

XS
SM
MD
LG