Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Өзбекстан Рогун ГЭСи боюнча позициясын өзгөрттү


Өзбекстандын тышкы иштер минитсри Абдулазиз Камилов.
Өзбекстандын тышкы иштер минитсри Абдулазиз Камилов.

Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушуна Өзбекстан каршы эместигин, бирок долбоорду ишке ашырууда өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары эске алынышы зарылдыгын өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ташкенттеги эл аралык пресс-клубдун жыйынында түз байланышта элдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө Рогун ГЭСинин курулушуна байланышкан маселеде бир пикирге келиши, тажик бийлиги курулуштун экологиялык кесепеттерин эске алышы зарыл. Министри аймактагы суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жакында башталат деп үмүттөнүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле суу көйгөйлөрүн чечүүдө эң ылайыктуу вариант деп БУУ иштеп чыккан конвенцияны атап, коңшуларын документти тез арада карап чыгууга чакырды.

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримов экологиялык кесепеттери олуттуу болот деген жүйө менен Тажикстандагы Рогун жана Кыргызстандагы “Камбар-Ата -1” ГЭСтеринин курулушуна караманча-каршы болуп келген. Өзбекстан Тажикстандагы Рогун ГЭСи курулса, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө коркунуч жаратарын айтканы белгилүү. Тажик бийлиги коркунучтар тууралуу Ташкенттин позициясын четке каккан.

XS
SM
MD
LG