Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Египет Катар өз саясатын өзгөртмөйүнчө аны менен дипломатиялык жана экономикалык мамилелерин калыбына келтирбейт. Бул тууралуу шаршембиде аталган төрт араб өлкөсүнүн тышкы иштер министрлеринин Каирдеги жыйынынан кийин Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адель ал-Жубейр билдирди. Анын айтымында, Катарга кошумча чараларды киргизүү тууралуу чечимдер жакында кабарланат.
Жолугушуунун катышуучулары кабыл алган биргелешкен билдирүүдө Катардан террорчулук топторду колдоону токтотуу талап кылынган, аймактагы өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпеши керектиги айтылган. Документте коюлган талаптар боюнча Катардын «терс жообу» аларды нааразы кылганы жана араб өлкөлөрүнүн мамилеси өзгөрбөй турганы да жазылган. Шаршембиде Катардын тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдул Рахман Ал-Тани муну эл аралык укуктарды бузган жана Батышта Дохага каршы терс маанайларды жаратууга багытталган "ачык агрессия" деп атады. Ошол эле маалда ал Катар мурдагыдай эле сүйлөшүүлөргө ачык экенин белгиледи.
Июндун башында Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Египет Катарды террорчулукту колдойт деп айыптап, аны менен дипломатиялык жана экономикалык мамилелерин токтоткон, Катарга бир канча талап коюлган. Анын негизгилери – Иран менен кызматташууну токтотуу жана "Ал-Жазира" телеканалын жабуу. Бирок Доха өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, талаптар аткарылбасын айтып келет. Коюлган талаптарды аткаруу үчүн Катарга берилген мөөнөт 5-июлда аяктап, дагы бир айга узартылган.