Линктер

жума, 23-февраль, 2018 Бишкек убактысы 12:53

Кылмышка шектүүнүн, айыпталуучунун жана соттолуучунун туугандары эми алардын күбөсү катары сурак бере алат. Кыргызстандын Конституциялык палатасы Кылмыш-жаза кодексинин буга тыюу салган нормасын жокко чыгарды. Эми алар көрсөтмө бере алат, бирок эгер каалоосу болсо гана.

Палатанын белгилешинче, бул норма жарандын жакындарына каршы көрсөтмө берүүгө мажбурланышына каршы багытталган укуктук кепилдик болуп эсептелет.

Аталган категорияга ата-энелер, жубайлар, балдар, бир туугандар, чоң ата, чоң энелер кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG