Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Көз карандысыз журналисттер бирлиги Zanoza боюнча адилет чечим чыгарууга чакырды


Кыргызстанда мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бийликтин төртүнчү бутагынын ролун аткаруу барган сайын кыйын болууда. Бул тууралуу Көз карандысыз журналисттер бирлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Аталган уюм буга Башкы прокуратуранын президенттин кадыр-баркына шек келтирди деген негизде берген арыздарын сот биринчи инстанцияда канааттандырып, мамлекет башчынын пайдасына миллиондогон сомго айыпка жыгып жатканы күбө экенин белгилеген.

Жергиликтүү соттор тарабынан, маселен, Zanoza.kg сайты жана анын негиздөөчүлөрү Нарынбек Идинов (Айып) менен Дина Масловадан 24 миллион сом, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповадан 3 миллион сом өндүрүү тууралуу чечимдер чыкты. Соттор коомчулуктун моралдык зыяндын суммасын белгилөөдө айыпка жыгылып жаткан тараптын чамасын эске алуу тууралуу бир нече жолку чакырыгына көңүл бурган жок. Медиа адистердин оюнча, муну көз карандысыз интернет басылманы кандай жол менен болбосун жабуу, президенттик шайлоонун алдында Кыргызстандагы окуяларды бейтарап кабарлоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу аракети катары баалоого болот.

Zanoza.kg сайты мындай катаал жана негизсиз каржылык басымды көтөрө албай, өз ишмердигин токтотууга аргасыз болушу мүмкүн. Бийликтеги КСДП партиясы "24.kg" агенттигине каршы доо арыз бергени баш ийбеген бардык басылмаларды жазалоо ниети сыяктуу көрүнөт", - деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле маалымат каражаттарына каршы мындай доо арыздар Конституцияда бекитилген эркин ой билдирүү эрежесине гана каршы келбестен, коомго зыян болуп, мамлекеттин демократиялык беделине сокку ураары айтылган.

Билдирүүдө Кыргызстандын мамлекет башчысынын "Азаттык медиа" мекемесине карата доону токтотуу тууралуу сунушу колдоого татый турганы, бирок Zanoza.kg сайтына байланыштуу биринчи инстанциядагы чечимдер өлкөдө сот реформасынын ишке ашпаганынан кабар берээри белгиленген. Көз карандысыз журналисттер бирлиги өлкөнүн сот бийликтерин кийинки инстанцияда Zanoza.kg боюнча адилет чечим чыгарууга чакырган. (NT)

XS
SM
MD
LG