Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Нарын Айып жаңы сайт ачты


Оппозициялык Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири, журналист Нарын Айып жаңы сайт ачты. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна маалымат берип жатып ал:

- Райондук соттор кандай чечим кабыл алып жатканын билесиздер, шаардык сот да анын баарын бекитет го, - деп билдирди.

Нарын Айыптын айтымында, жаңы сайтка Zanoza.kg порталына жана башка маалымат булактарына чыгып жаткан макала, видеолор жарыяланып турат.

Башкы прокуратура Zanoza.kg сайтына чыккан айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз берген. Иштер Октябрь райондук сотунда каралып, 24 миллион сомдук доо арыздар толугу бойдон канааттандырылды, дагы 3 миллиондук арыз боюнча чечим чыга элек.

Жаңы сайт чет жактан, com деген домен менен катталып ачылды. Бул анын коопсуздугу үчүн көрүлгөн аракет экени айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG