"Америка Чыгыш Европадагы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого кызыкдар жана Орусиянын аракеттерине жана дестабилдештерүүчү жоругуна жооп кайтаруу үчүн Польша менен кызматташууга даяр", - деди Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп. Ал бул тууралуу 6-июлда Польшанын баш калаасы Варшавада өлкө башчысы Анджей Дуда менен жолугушкандан кийинки биргелешкен маалымат жыйында сүйлөп жатып айтты.
Дональд Трамптын Европага экинчи расмий сапары 6-июлга караган түнү башталды. Ал бейшембиде Батыш жана Чыгыш Европадагы мамлекеттердин лидерлери менен жолугушат жана телевидение аркылуу Польша элине өз кайрылуусун жасайт.
6-июлдун кечинде Трамп Германиянын Гамбург шаарына жөнөп кетет. Ал жакта АКШ президенти жума күнү баштала турган "Чоң жыйырманын" саммитине катышып, 7-июлда Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугары күтүлүүдө.