Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:55

«Ар Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов Борбордук шайлоо комиссиясын административдик ресурска байланган «эски жолго түшпөөгө” чакырууда. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте президенттик шайлоонун массалык маалымат каражаттарында чагылдырылышын талкуулаган жыйында айтты.

- Акаев, Бакиев президенттик мөөнөтүн узартканда аларга административдик ресурс иштеп турчу, башка күчтүү талапкерлердин утуп чыгуу мүмкүнчүлүгу жок болчу. Азыр абал башкача. Азыр баарынын шарты бирдей. Акчасы, таасири бар талапкерлер иштеп жатат, алардын штабдарында бир нече миңдей адамы бар. Акыркы күрөшкө чыккандай, болгон күч-аракетин жумшап жатышат. Мына ушундай шартта БШК “эскиче жолуна” түшүп, административдик ресурска баш ийе турган болсо, анын өзүнүн тагдыры кандай болуп калары белгисиз.

Буга байланыштуу Феликс Кулов БШКны кайсы бир теманы аныктап, ага бардык талапкерлердин милдеттүү түрдө катышуусун камсыз кылууга, жер-жерлерди кыдырганда эл менен жолугуша турган жайлар боюнча так график түзүп, анын аткарылышына акимди жооптуу кылып бекитүүгө чакырды.

Күзүндө өтө турган президенттик шайлоо жараянын чагылдыруунун актуалдуу маселелери бүгүн Бишкекте “Соз эркиндигин коргоо” уюму уюштурган жыйында талкууланып жатат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG