Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Дональд Трамп Польшанын элине кайрылды


Доналд Трамп Варшаванын Красински аянтында Польша элине кайрылды.
Доналд Трамп Варшаванын Красински аянтында Польша элине кайрылды.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Варшаванын тарыхый аянтында Польша элине жасаган кайрылуусунда Орусияны Украинадагы жана башка аймактардагы дестабилдештирүү аракеттерин токтотууга, ырайымсыз режимдерди, анын ичинде Сирия менен Иранды колдоону токтотууга чакырып, анын ордуна жоопкерчиликтүү өлкөлөрдүн коомчулугуна кошулуп жалпы душмандарга каршы күрөшүүгө жана цивилизациянын өзүн коргоого үндөдү.

Ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп Варшавдагы кайрылуусунда Американын Европадагы союздаштарын Кошмо Штаттар менен биргеликте Батышты "радикал ислам террорчулугунан" коргоого чакырды.

Трамп Польшанын баш калаасы Варшавага 6-июлга караган түнү келип, бүгүн эртең менен президент Анджей Дуда менен жолугушту. Эки президенттин кезигишүүсүнөн кийинки биргелешкен маалымат жыйында Трамп Америка Чыгыш Европадагы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого кызыкдар экенин айтты.

-А мерика Чыгыш жана Борбордук Европада тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого кызыкдар. Биз Польша менен биргеликте Орусиянын аракеттерине жана дестабилдештирүү жоругуна жооп кайтаруу үчүн иштеп жатабыз жана биз Польшага Түндүк аскерий альянска мүчө башка мамлекеттерге үлгү болуп жатканына ыраазыбыз. Анткени Польша уюмдагы каржы милдеттенмелерин аткарып жаткан мамлекеттердин бири.

Бүгүн кечинде Трамп Германиянын Гамбург шаарына жөнөп кетет. Ал жакта АКШ президенти жума күнү баштала турган "Чоң жыйырманын" саммитине катышып, 7-июлда Орусиянын лидери Владимир Путин менен да жолугары күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG