Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) түрк полициясы уюмдун жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн директорун башка укук коргоочулар менен биргеликте кармап кеткенин билдирди.
Бейөкмөт уюм тараткан билдирүүгө караганда, 5-июлда «Amnesty International Turkey» уюмунун директору Идил Ирес башка активисттер менен биргеликте Стамбулга жакын жерде маалымат коопсуздугу боюнча жыйынга катышып жаткан маалда кармалган.
Түркиянын Hurriyet басылмасы Буюкада аралындагы мейманканасында болгон полициячылардын рейди маалында 12 киши камалганын билдирди.
Түрк полициясы бул тууралуу эч маалымат берген жок.
Эл аралык мунапыс уюмунун баш катчысы Салил Шетти Түркиядагы алдыңкы укук коргоочулардын, анын ичинде уюмдун өкүлчүлүгүнүн себепсиз камалышына тынчсыздануусун билдирип, активисттер токтоосуз бошотулушу керектигин кошумчалады. Укук коргоочулар азыр кайда экени белгисиз.
Түркияда Эл аралык Мунапыс уюмунун жергиликтүү бөлүмдөрүнүн биринин башчысы Танер Кылыч жана дагы 22 адвокат АКШдагы диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылына байланышы бар деген шек менен Измир провинциясында кармалышкан эле.