АКШ президенти Дональд Трамп Германиянын Гамбург шаарына барды. Жума күнү баштала турган "Чоң жыйырманын" саммитинин алдында ал Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугат. Трамп ошондой эле 6-июлдун кечинде Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин жана Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен бирге тамактанары күтүлүп жатат. Үч лидер Түндүк Кореянын ушул жума башында континенттер аралык ракетасын сыноодон өткөрүшүн талкуулашат.
"Чоң жыйырманын" саммитин утурлай миңдеген демонстранттар Гамбургдун көчөлөрүнө чыкты. Аларды көзөмөлдөөгө жыйырма миңдей полиция кызматкерлери тартылды. Саммит маалында да калаага сегиз миңдей адам нааразылык акцияларына катышуу үчүн келери күтүлүп жатканын жергиликтүү расмийлер маалымдашты.