Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:41

Үгүт өнөктүгүн чагылдыруу боюнча 130дан ашуун ЖМК катталды


БШКнын маалыматына караганда, президентти шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдырууну каалаган жалпы 136 ЖМК аккредитациядан өттү. Алардан 14-июндан 4-июлга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына 254 кайрылуу түшкөн, анын 195инин документтери кынтыксыз, калганы толукталууда. 

Маалымат каражаттарынан документтерди кабыл алуу мөөнөтү 4-июлда аяктаган.​

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Саясий жарышта талапкерлигин коюуну көздөгөндөрдөн документтерди кабыл алуу 15-июндан тарта жүрүп жатат. Ушул кезге чейин талапкерлигин коюу тууралуу арыз жазгандардын саны он алтыга жетти. (NT)​

 

XS
SM
MD
LG