Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

ӨКМ: Сууга чөккөн беш адам изделүүдө


Бугүнкү күндө республиканын ар кайсы аймактарында сууга чөккөн беш адамдын дайыны табылбай жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен эркек жаран жана Аксыда 33 жаштагы жергиликтүү тургун 4-июлдан бери, Чаткалда "Канцлер Аурум" алтын казуу компаниясынын кызматкери 3-июлдан бери, Ноокенде 8 жаштагы бала 30-июндан жана Алайда 58 жаштагы малчы эки күндөн бери белгисиз болууда.

Ошондой эле ӨКМ Бишкектин Чоң Чүй каналынан 60 жаштагы эркектин, Ысык-Атада каналдан 15 жаштагы баланын сөөгүн алып чыгышканын, ал эми Ысык-Көлдө жети жаштагы бала көлгө түшүп жатып чөгүп кеткенин кабарлоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG