Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Улуттук киностудияда анимациялык бөлүм иштей баштады


Сагынбек Ишенов шакирттери менен. Сүрөт интернеттен, кино таануучу Гүлбара Төлөмүшованын баракчасынан алынды
Сагынбек Ишенов шакирттери менен. Сүрөт интернеттен, кино таануучу Гүлбара Төлөмүшованын баракчасынан алынды

Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында анимациялык (мультипликациялык) бөлүм ачылды.

Бүгүн аталган цехтин расмий ачылышы болуп, ага маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков катышты.

Анимациялык цехти ачууга былтыр мамлекеттен 2 миллион сом бөлүнүп, ага атайын жабдуу сатылып алынган, адистер окутулуп, сценарийлер даярдалды дейт Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев.

Адистер бул окуянын маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз анимациясынын кайра жаралышы деп атап жатышат.

Быйыл Кыргызстандагы анимациялык өнөргө 40 жыл толду.

1977-жылы киностудиянын базасында мультфильмдерди тарта турган чыгармачыл топ түзүлгөн, аны сүрөтчү Сагынбек Ишенов жетектеп турган. (RK)

XS
SM
MD
LG