Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Улуттук банк бир аптада 21 млн доллар сатты


Улуттук банк бул аптада экинчи жолу долларды сатууга чыгарды. 6-июлда жалпысынан 6 миллион 600 миң долларлык интервенция жүргүзүлдү.

4-июлда 15 миллион 500 миң доллар сатыкка коюлган болчу. Ошентип, жыл башынан бери төрт жолу интервенция жасалып, 40 миллионго жакын доллар сатылды.

Улуттук банктын курсу боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 69 сом 62 тыйын турат.

2015-жылы ноябрда доллар Кыргызстанда эң кымбат чекке жетип, 75 сомго барган. Кийин арзандап отуруп быйыл апрелде 67 сомго чейин төмөндөгөн.

Быйыл июндун аягынан тарта кайра кымбаттай баштады.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жакында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып доллар баасы 70 сомдон ашпай турганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG