Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Трамп менен Путин бүгүн биринчи жолу жолугушат


АКШ президенти Дональд Трамп кызматка келгенден бери эң маанилүү жолугушуулардын бирин өткөрүүгө камданууда.

Бүгүн түштөн кийин Германиянын Гамбург шаарында Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен көзмө көз сүйлөшүп, тараптар өз ара мамилелердеги кризисти токтотуу аракетин көрүшмөкчү. Лидерлер Германияга "Чоң жыйырманын" саммитине катышуу үчүн келишкен.

Январь айында кызматка киришкенден бери АКШ президенти орусиялык лидер менен Сирия согушу, Украинадагы жаңжал, кибер чабуулдар, Пхеньяндын ракета сыноосу жана терроризмге каршы күрөш өңдүү бир катар маселелерде мунасага келүүгө аракет көрүп келди. Бирок ал аракеттерге Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөр көлөкө түшүрүүдө.

Трамп Гамбургга кечээ барып, немис канцлери Ангела Меркел менен жолугушту. Путин болсо бүгүн келди.

XS
SM
MD
LG