Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Президент жарандардын коопсуздугун талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алып, жарандардын коопсуздугун талкуулады.

Мамлекет башчыга укук тартибин жана коомдук коопсуздукту коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү жана кылмыштардын бетин ачуунун динамикасы тууралуу маалымат берилди.

Улан Исраилов ошондой эле туристтик сезондо курорттук аймактарда коомдук тартипти камсыз кылуу, жол кырсыктарын алдын алуу иштерин активдештирүү туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев милициянын алдында турган актуалдуу милдеттерди, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүүгө милдеттендирди.

XS
SM
MD
LG