Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Орусия АКШнын Сирия боюнча кызматташуу сунушун "туура кадам" деп баалады


Сирия
Сирия

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтон Сирия боюнча кызматташууну сунуш кылып «туура багытта кадам таштады», бирок «согуш учактарына тыюу салынган тилке» боюнча көбүрөөк маалымат керек деди. Мындай билдирүүнү министр Париждеги сапары маалында 6-июлда жасады.

Орусия, Иран жана Түркия аба соккулары токтотулуучу “де-эскалация тилкелерин” түзүүнү пландашууда.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон 5-июлда АКШ Орусия менен биргелешип Сирияда стабилдүүлүктү камсыздоочу механизмдер, анын ичинде согуш учактарынан бош мейкиндиктерди орнотуу жаатында иштешүү мүмкүнчүлүктөрүн кароого даяр деген.

Президент Дональд Трамп кызматка кирешкенден көп узабай Сирияда жайкын тургундар үчүн "коопсуз зоналарды" түзүү керектигин айткан, бирок эч качан деталдуу планын сунуш кылган эмес.

XS
SM
MD
LG