Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Иранда ИМ менен байланышта деп шектелгендер кармалды


"Ислам мамлекетинин" согушкерлери
"Ислам мамлекетинин" согушкерлери

Ирандын коопсуздук күчтөрү Мешхед шаарында «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун мүчөлөрү деп шектелген 21 кишини кармашты. Шаардын башкы прокурорунун орун басары Хасан Хейдаринин айтымында, алардын арасында жергиликтүүлөр жана Иранга жасалма документтер менен кирген ооган жарандары бар. Маалымат каражаттары Хейдариге шилтеме менен кабарлашкандай, кармалгандардын айрымдары Ирандан тышкаркы жерлерде «террордук аракеттерге» катышкан.

Бир ай мурун Тегеранда парламент имаратына жана Ислам жумуриятынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейнинин күмбөзү жайгашкан комплексте кол салуу болгон

Бир нече кишинин өмүрүн кыйган теракт үчүн «Ислам мамлекети» теоррордук уюму өзүнө алган.

Ошол окуядан кийин Иран биликтери жихадчылар менен байланышы бар деген шек менен ондогон «террорчуну» камаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG