Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:03

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров жана анын тарапкерлеринин соту бүгүн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен уланды.

Айыпталып жаткан тарапкерлердин сотуна күч органдарынын өкүлдөрү көрсөтмө беришсе, Жапаровдун өзүнүн сотуна эң негизги деген күбөлөрдүн бири Наристе Калчаев келди.

Ал Караколдогу 2013-жылдын 7-октябрындагы митингде Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алганы үчүн соттолуп, №8 колонияда мөөнөтүп өтөп жатат. Калчаев 7-октябрдагы митингге чейин Садыр Жапаров менен эки жолу жолукканын, бирок Жапаров ал митингди уюштурган эмес деп билдирди.

Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын 12 камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар.

4-июлда Жапаровдун атынан аны президенттикке талапкер кылып каттоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берилген. Бирок БШК экс-депутаттын документинде мүчүлүштүктөр бар деп арызын кабыл ала элек. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG