Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:33

Гамбургда "Чоң жыйырманын" саммити башталды


Герман канцлери Ангела Меркел. 07.7.2017.

Германиянын түндүгүндөгү Гамбург шаарында "Чоң жыйырманын" саммити өз ишин баштады. Жыйындын ачылышында Германиянын канцлери Ангела Меркел өнөр жайы өнүккөн мамлекеттердин лидерлерине мындайча кайрылды:

- Алдыбызда бир топ глобалдык маселелер турат, аларды мунаса табылганда гана чечсе болорун баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Германия жолугушуунун күн тартибин түзгөндө, экономика менен соодага көңүл бурду, климаттагы өзгөрүүлөр, энергетика саясаты өңдүү маселелер да камтылды. Германия Африкага өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилейт. Себеби биз, европалыктар, Африканы кошуна континент катары кабыл алабыз. Аны өнүктүрүү үчүн бар аракетибизди жумшоого тийишпиз.

Саммиттин алкагында АКШ жана Орусия президенттери алгачкы жолугушуусун өткөрүшмөкчү.

Гамбургда кечээтен бери антиглобалчылардын нааразылык иш-чаралары өтүүдө.

Германиянын бийликтери демонстранттар полиция бөлүмүнө чабуул коюп, машинелерин өрттөшкөнүн, жетекчилер жайгашкан мейманкананын жанында башаламандык уюштурууга аракеттенишкенин билдиришүүдө.

Тартип коргоочулар демонстранттарга суу чачышты. Маалыматтарга караганда, алдыңкы күнү көчөгө 13 миңдей киши чыкты, кагылышууларда 75 чакты полициячы жарадар болду. Бийликтин эсебинде дем алыш күндөрү шаарга 100 миңдей антиглобалчылар чогулушу ыктымал.

Гамбургдагы башаламандык
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG