Германиянын Гамбург шаарында АКШ жана Орусия президенттеринин алгачкы жолугушуусу башталды. Ага чейин "Чоң жыйырманын" саммити ачылаар алдында Дональд Трамп менен Владимир Путин кол алышып учурашкан.
Жабык эшик артындагы эки тараптуу кездешүү 30-40кө мүнөт созулат деп пландалган. Анын жүрүшүндө лидерлер Сирия согушу, Украинадагы жаңжал, Түндүк Кореянын атомдук программасы жана Москванын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү өңдүү маселелерди талкуу кылаары алдын-ала кабарланган.