Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча эки жарандан арыз түштү. Алар Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев жана “Байыркы көчмөн цивилизациясы” фондунун жетекчиси, финанист Кубан Чороев. Бул эки жаран өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкерлигин коюуда.
8-июлга карата Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына 17 жаран президенттикке талапкерлик арызын тапшырды.
Эки талапкерди партиялары көрсөттү, калган 15и – өзүн өзү көрсөткөндөр. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт.(BkA)