Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Президент Атамбаевдин киреше декларациясы жарыяланды


Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтына президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар жетекчилердин 2016-жылга киреше декларациясы жарыяланды. Андагы маалыматка ылайык, президент Атамбаев былтыр 1 миллион 246 сом же айына болжол менен 103 миң сом киреше тапкан. Ал эми президенттин жылдык чыгашасы 8 миллион 385 миң сомду түзгөн. Өлкө башчысы бул акчаны мурда топтогон каражаттарынан коротконун декларациясында көрсөткөн.

Документке ылайык, Алмазбек Атамбаевге катталган 2,7 гектарда жайгашкан 116 чарчы метр аянттагы имараты, 6.4 гектарда көп жылдык бак-дарактары бар. Ошондой эле ишканадагы акцияларын ишеним менен өткөрүп берген.

Ал эми президенттин жакыны 2016-жылы иштеген жеринен 250 миң сом, дивиденддерден 369 миң сом, жарандык укуктук келишимдерден 2,5 миллион сом жана 100 миң доллар тапканы көрсөтүлгөн.

Президенттин былтыркы декларациясында 1 миллион 298 миң сом киреше тапканы көрсөтүлгөн эле. Алмазбек Атамбаев өзүнүн бай экенин бир нече жолу билдирген жайы бар.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик кызматкерлер жылына бир жолу киреше жана мүлктөрү боюнча декларация тапшырууга милдеттүү.(BkA)

XS
SM
MD
LG