Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

Гамбург: саммит катышуучулары АКШны эркин соода жүгүртүүгө чакырат


Германиянын канцлери Ангела Меркел жана АКШ президенти Дональд Трамп
Германиянын канцлери Ангела Меркел жана АКШ президенти Дональд Трамп

Гамбургда өтүп жаткан “Чоң жыйырманын” саммитинин катышуучулары АКШ президенти Дональд Трампты “эркин жана ак ниет соода жүгүртүү” принциптерин карманууга чакырат. Бул тууралуу Германиянын канцлери Ангела Меркел саммиттин алгачкы күнүнүн жыйынтыгы боюнча журналисттерге сүйлөп жатып билдирди.

Ага чейин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп радио аркылуу калкка кайрылуусунда чет өлкөлүк жарандар АКШдагы жумушчу орундарды ээлеп, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканын айткан эле.

Трамп экономикалык жеңилдиктин мезгили өткөнүн белгилеп, тышкы соодада улуттук кызыкчылыктарды коргоого чакырган.

АКШ лидеринин бул чакырыгынан соң Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG