Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:53

Кыргызстанда эки жетекчи илимий диссертация жактады


Курсан Асанов
Курсан Асанов

Кыргызстанда экономика министри Арзыбек Кожошев экономика илимдеринин докторлугун, ички иштерин министринин орун басары Курсан Асанов юридика илимдеринин кандидаттык диссертациясын жактады. Бул тууралуу аталган жетекчилер башкарган министрликтердин расмий сайтында жарыяланды.

Экономика министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, Арзыбек Кожошевдин доктордук иши “Базар шартындагы бюджеттик мамилелерди тескөө: теория, методология, практика” деген темада болгон. Министр бул эмгегин ийгиликтүү жактап, ага “экономика илиминин доктору” деген наам берилгенин министрликтен кабарлашты.

Ал эми Курсан Асанов илимий ишин улут аралык жаңжал учурундагы кылмыштарга каршы күрөшүү жаатында жазган. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Асанов өз ишинде 1990 жана 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалдарды мисал кылуу менен кылмыштардын алдын алуу боюнча илимий сунуштарын келтирген.

Кыргызстанда расмий маалымат боюнча, 800 илимдин доктору, үч миңден ашуун кандидат бар. Талдоочулар өлкөдө илимпоздордун арасынан өзгөчө экономика жана юридика илимдеринин кандидат, докторлору көп экенин айтышат.

XS
SM
MD
LG