Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Илим: Арабөк реформа


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Кыргыз улуттук илимдер академиясын реформалоо башталганы менен жыйынтыгы бүдөмүк.

Кыргызстандын илиминин азыркы адамдын боору ооругандай абалы илимге бюджеттик каржылоонун “калдык принциби” токтолгуча уланышы мүмкүн. УИА тууралуу мыйзамда илимге каражат бөлүү приоритеттүү негизде жүрүшү керектиги ырасталган. Ал мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Непадам, Кыргызстанда мыйзам талабы так сакталса илимге өлкөнүн ички дүң продуктунун (ИДП) 1-3% чейинки өлчөмүндөгү каражаты бөлүнүп турмак. Иш жүзүндө ИДПнын бир пайызга жетпеген каражаты берилет. Кыргызстандын илим саясатын аныктоочу башкы илимий мекемеге 310 миллион ашуун сом бөлүнүп, анын 80% айлык акыга, калганы коммуналдык кызмат төлөмдөрүнө, башка керектөөлөргө жумшалат

Өнүккөн өлкөлөрдүн илим-изилдөөлөргө каражат бөлүү жагындагы ыктуу тажрыйбасы тууралуу арбын айтылат. Айталы, академиянын окумуштууларынын өткөн жылкы 38 ачылышы 7 млн ашуун сомго сатылган. Мындан тышкары 42 техникалык чечим патенттелген, илимий изилдөөлөрдүн натыйжасын камтыган 1350 иш жарыяланган. Тармактык илим-изилдөө мекемелеринде иштегендердин орточо айлык акысы 6 миңден ашпаса, академияда ал көрсөткүч 7 миң сом.

Реформа ышкысына азгырылгандар мына ушул акчаны көп көрүп, илимдер академиясындагы бөлүмдөрдү жоюп, вице-президенттерди кыскартуудан бир млн сомдун тегерегинде каражат үнөмдөп калышканын академик Асылбек Айдаралиев белгилейт.

Реформа демекчи, УИАнын реформалоо демилгеси мындан эки жыл илгери Кыргызстандын илим жана билим министрлигинин алдында түзүлгөн Коомдук кеңеште көтөрүлгөн, ошону менен кезектеги өзгөртүүнүн арыгы чабылган. Улуттук илимдер академиясын жогорку окуу жайларына кошуп, илимий изилдөөлөрдү университет менен институттарда жүргүзүү Кыргызстан бюджетине эч кандай оорчулук алып келбестиги, өнүккөн өлкөлөрдө илим-изилдөө иштери эч кандай талаш-тартышы жок эле жогорку окуу жайларда ишке ашырылары ырасталган.

А бирок Батыш өлкөлөрүндө оожалган андай системанын пост-советтик мамлекеттерде орун-очок алышы арасат калып жатканын ырастап, ага ишенбөөчүлүк менен карагандар деле бир топ. Буга чейин илимдер академиясын жоюп, аны жогорку окуу жайларына кошо салган Казакстан менен Түркмөнстандын тажрыйбасы көпчүлүк илимпоздордун сынына кабылууда. Академия жетекчилиги кезектеги реформачылардын демилгесин четке кагып, бир топ кыскартууларга макул болуп, илимий мекемени сактап калууга жетишти. Бирок академия мындан ары калпыс реформаларга туш келбейт дегенди билдирбейт.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын каржылык керектөөсүнүн кыйласы чет элдик гранттардын эсебинен жабылат. Чет элдик корлордун, борборлордун, уюмдардын көмөгү менен илимий долбоорлор ишке ашырылууда. Академик Абдыганы Эркебаев өткөн жылы 756,26 миң АКШ доллары эсебинде чет элдик гранттар алынганын бышыктайт.

Илимдер академиясын реформалоо аракети айрымдар үчүн анын чарбалык мүлкү, Ботаникалык багы ээлеген жерлер көбүрөөк кызыктырат шекилдүү. Азыркы тапта академиянын буга чейин сакталып калган илимий салтын ары улап, жарым кылым ашкан тарыхын улантуу милдети турат. Ага жетиштүү мамлекеттик колдоо көрсөтүлөбү кезектеги реформанын курмандыгына чалынып кетеби суроосуна азырынча айкын жооп берле элек.

Келечеги арсар академия

Буга чейин УИАны жаңылоо, реформалоо тууралуу кеп болуп келгени менен, анын натыйжасы кыйла жылдардан бери кебелгистей келаткан түзүмдөрдүн жоюлуп же кошулуп кетишине алып келери илимпоздордун капарына деле келчү эмес. Реформалар институттарды кошуу, ирилештирүү менен чектелип, азыркыдай бөлүмдөрдү жоюп, институттар мурдагыдай бөлүмдөргө баш ийбей, академия жалгыз президенттин гана башкаруусунда калары кайсы бир жетекчинин көңүл каалоосунан эмес, Кыргызстандын башкы илимий мекемесинин мындан ары калыш-калбаш маселеси айкүрүнөн коюлган чакта аргасыздан жасалган акыркы амал-арга болуп калды окшойт. Улуттук илимдер академиясын азыркы турушунда сактап калуу кандай кыйынчылыктарга туш келгенин 31-марттагы жыйында академик Абдыганы Эркебаев жашырган жок.

Академияны жоюп, илим изилдөө институттарын жогорку окуу жайларга кошуп ийүү демилгеси буга чейин деле, маселен, Кыргызстан эгемендигин жаңыдан алган жылдары да көтөрүлүп, бирок да ал кездеги бийликте турган бир топ илимпоздордун аракети менен өзгөрүүсүз калган. Анткен менен экономикалык оорчулук ири илимий мекемени улам-улам кыскартууларга мажбурлап, ушул ыраатында барса өзүнөн өзү эле жоюлуп кетүү коркунучуна алып барып койгону да элдин баарына дайын. А бирок ошол жарыбаган маяна, жетишпеген каржылоого карабай, УИАда илим-изилдөө иштери улантылууда, кыргыз окумуштууларынын айрым эмгектери эл аралык баалоо системасында дурус дегидей баага арзууда.

Өткөн жылкы илимий изилдөөлөрдүн 40% жакыны бюджет эсебинде каржыланган, ал эми 30% жакыны эл аралык гранттар эсебинен, калганы чарбалык эсеп негизинде жүргүзүлгөн. Жалпысынын 122 долбоор ишке ашырылган. Илимий изилдөөлөрдүн жетишкендиктери жыл сайын жыйынтыктоочу чогулуш алдында көргөзмөгө коюлат, өндүрүш менен илимдин эриш-аркак иштөө зарылдыгы айтылат, а бирок иш жүзүндө окумуштуулардын өлкөнүн экономикалык турмушуна тийгизген таасири көрүнбөй, өндүрүш менен илим өз алдынча калып келатканы биздин өлкөдөгү парадоксалдуу көрүнүштөрдүн бири.

Улуттук илимдер академиясынын ишине ичи чыкпагандардын алдыга жайчу алгачкы жүйөсү окумуштуулардын жаш курагы болчу. Пенсия жашындагы илимпоздор академияда иштегендердин 27% жакынын гана түзөт, алардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 22,4% кыскарган. Иш жүзүндө пенсия жашындагы эле эмес, жаш окумуштуулардын деле каржылык каатчылыктын айынан ишин таштап, кесибин өзгөртүп кеткен учурлары аз эмес. Илимге мамлекеттик колдоо болмоюн, окумуштууларга тийиштүү шарт түзүп бермейин андан жакшы натыйжа күтүү кыйын. Мунун салакасы барып-келип эле өлкөнүн экономикалык абалына таасир тийгизери турган иш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG