Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:53

Парламентте электрондук тамекиге тыюу салуу аткезчиликти шарттаганы айтылды


Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйында депутат Дастан Бекешев өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып жатып айтты. Ал электрондук чылымды алып келүү, сатуу жана чегүүгө тыюу салынганы менен аны Телеграм каналдар аркылуу сатуулар тоскоолдуксуз уланып жатканын айтты.

"Тыюу өзүн актаган жок. Тескерисинче, аткезчилик пайда болду. Мониторинг жүргүзгүлө, чектөөнүн кажети жок. Андан көрө чектөөнү алып салалы. Себеби Телеграм каналдар аркылуу сатып атышат, бирок бир тыйын салык бюджетке түшкөн жери жок. Салыкты ала турган жерден алыш керек. Силер тыюуну алып салган документ даярдап келгиле, биз колдоп берели", - деди ал.

Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов бул демилгени толук колдой турганын айтты. Шыкмаматов электрондук тамекиге киргизилген тыюу аткезчилик жана мыйзамсыз баюуга жол ачканын кошумчалады. Ошондуктан мындай тамекиге уруксат берген мыйзам долбоорун даярдап келүүгө макул экенин белгиледи.

Ал тапта Экономика министри Бакыт Сыдыков маселени изилдеп, тийиштүү сунуштар менен Жогорку Кеңешке келүү маселеси караларын айтты.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда электрондук тамеки чегүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алып, документке президент Жапаров ушул эле жылдын 24-ноябрында кол койгон.

Азыркы тапта электрондук чылым колдонгону үчүн жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат.

Электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган. Ташыгандарга 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Кыргызстанда 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу бар(KS)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG