Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Нарын ГЭСтер каскадын чехиялык инвестор курары күтүлүүдө


Жогорку Нарын ГЭСтер каскадындагы курулуш иштерин жанданттуу боюнча келишимге кийинки апта башында кол коюлат. Бул тууралуу Энергетика, өнөр жай жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ГЭСтер каскадын куруу боюнча чехиялык инвестор менен сүйлөшүүнүн акыркы этабы жыйынтыкталып жатат. Зилалиев чехиялык компаниянын аталышы кол коюу алдында ачыкка чыгарын билдирди.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун жандантууга жаңы инвестор табылганын президент Алмазбек Атамбаев өткөн айдын соңунда билдирген. Анда президент инвесторду атаган эмес.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги жана өкмөттөгү айрым булактар инвестор чехиялык Liglass Trading компаниясы экенин атаган. Аталган компания өткөн апта соңунда Кыргызстанда 10 чакан ГЭСти куруу боюнча конкурста да жеңүүчү аталган.

Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча 2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объект курмак.

Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн тиешелүү жер тилкеси бөлүнүп, атайын жумушчулар шаарчасы курула баштаган. Аталган долбоордун жалпы баасы 727 млн. доллар деп эсептелген. Курамына төрт ГЭСти камтыган каскад жыл сайын 1 млрд киловатт сааттын тегерегинде электр энергиясын өндүрмөк. Бирок бул жаатта иш шыр жүрбөй, үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Орус тарап долбоор үчүн 37 миллион доллар коротконун айтып, денонсация шартына ылайык кыргыз тараптан бул сумманы төлөп берүүсүн талап кылган. Жогорку Кеңеш энергетикалык объектке анча өлчөмдө каражат кеткенинен шектенип атайын депутаттык комиссия түзгөн эле. Мындан соң кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга инвестор издеп келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG