Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:16

АКШ мамкатчысы Тиллерсон Киевге келет


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Украинага расмий сапар менен келери күтүлүүдө. Тилерсон Киевге алгачкы сапарынын жүрүшүндө украин президенти Петро Порошенко менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Украинага сапары ишембиде Гамбургда жыйынтыкталган “Чоң жыйырманын” саммитинен соң болгону жатат. Ал саммиттин жүрүшүндө АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин биринчи жолу жолугушкан. Анда Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу маселеси козголгону белгилүү болгон.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Хизер Нойерт Тиллерсондун бул жолку сапары Вашингтондун “Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин” коргоо үчүн колдоо катары саналарын айтып, Киевди саясий, экономикалык жана аскерий реформасын улантууга чакырган.

Рекс Тиллерсон менен бирге Киевге АКШнын НАТОдогу мурдагы өкүлү Курт Фолькер келери күтүлүүдө. Фолькерди жакында эле Дональд Трамп Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча атайын чабарман катары дайындаган.

XS
SM
MD
LG