Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:03

Кыргызстанда былтыр рак менен ооруган 3,5 миң адам каза болду


Атамбаев 1-июнда рак оорулуу балдардын абалынан кабар алган

Кыргызстанда 2016-жылы залалдуу шишик оорусу менен 5 миңден ашык кишиге жаңы диагноз коюлуп, алардын үч жарым миңи каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнист Тилеков билдирди. Анын айтымында, бул оорудан улам каза болгондордун саны жогору болушуна бейтаптардын ооруканага кеч кайрылуусу башкы себеп болуп жатат.

“Ракка чалдыккан кыргызстандыктар оору үчүнчү же төртүнчү стадиясына өтүп кеткенде гана дарыгерге кайрылышып, алардын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой жатат. Бизге кайрылгандардын дээрлик 60-70 пайызы ушундай, саламаттык маданиятыбыз өнүкпөй жатат”, - деди Тилеков.

Учурда 25 миңден ашуун адам түрдүү онкологиялык оорулар менен дарыгерлердин каттоосунда турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG