Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Орусияда Навальныйдын жүзгө жакын тарапкери кармалды


Алексей Навальныйдын Псков шаарындагы тарапкерлери.
Алексей Навальныйдын Псков шаарындагы тарапкерлери.

Ишембиде Орусиянын бир нече шаарында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын “Чоң ишембилик” акциясына катышкан жүзгө жакын тарапкери кармалды. Москвада бул нааразылык чарасына катышкан жетимишке жакын активист массалык иш-чаранын эрежесин бузду деген жүйө менен кармалган. Алардын ичинен алтоо административдик протокол толтурулган соң бошотулган.

Мындай кармоолор Екатеринбург, Санкт-Петербург, Новороссийск жана башка шаарларда өттү. Анда күч кызматкерлери оппозициячыл саясатчынын тарапкерлери таратып жүргөн баракчаларды алышып, акция өткөрүүгө тоскоолдук кылышкан.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жетекчиси, оппозициялык саясатчы Алексей Навальный 25 күндүк административдик жазасын өтөп, жума күнү атайын кармоочу жайдан чыккан. Ал 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип келет. Орусия боюнча 60тан ашуун шаарда анын кыймылынын штабдары ачылды.

XS
SM
MD
LG