"Мемориал" уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономарев 9-июль күнү саат 18:30 чамасында Казакстандан Кыргызстанга өтүп жатканда кыргызстандык чек арачылар аны өлкөгө киргизбей коюшкан. Бул тууралуу орусиялык укук коргоочу өзү "Азаттыкка" билдирди:
- Болжол менен бир саат мурда мен "Ак жол" чек ара бекетине Казакстандан келип, Кыргызстанга өтүү үчүн паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатканда паспортумду чек арачылар алып кетип, бир нече убакыттан кийин менин өлкөгө кире албасй турганым тууралуу жазылган актты колума карматышты. Актта "Мамлекеттик чек ара жөнүндө" мыйзамдын 43-беренеси боюнча жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамдын 7-беренеси боюнча "Кыргызстанга кирүүгө болбойт" деген гана жазуу бар экен. Бул чечимди кайсы орган кабыл алганы, мөөнөтү жана башка эч кандай маалыматтар жок.
Виталий Пономаревдун айтуусунда, ал Москвадан Кыргызстанга 29-июнь күнү учуп келип, 1-3-июль күндөрү экстремизм тууралуу жыйынга катышкан. Андан кийин жеке иштери менен 4-июль күнү Астанага учуп кеткен. Учакка отурарда да укук коргоочуну чек арачылар 50 мүнөт кармап, кайра кое беришкен.
Укук коргоочунун Бишкекте буюмдары калган, 10-июль күнү "Манас" аэропортунан Москвага учмак.
Бул маселе боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынан да, УКМКдан да комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Орусиялык укук коргоочу, "Мемориал" борборунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономаревго Кыргызстанга кирүүгө мурунку президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда да тыюу салынган эле. Ал 2009-жылы бир жолу “Манас” аэропортунан, экинчи жолу Кайыңдыдагы темир жол бажы бекетинен артка кайтарылган. (ZKo)