Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:15

Мосул шаары "ИМден" толук бошотулганы жарыяланды


Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади Мосулга барды. 09.7.2017. AFP.

Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади өкмөттүк армияны сегиз айга созулган Мосул шаарын террорчулардан бошотуу үчүн жасалган чабуулдагы жеңиши менен куттуктады.

"Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун жихадчылары калааны дээрлик үч жыл кармап турушту.

Ал-Абадинин аппараты 9-июлда тараткан билдирүүдө, өкмөт башчы 9-июлда куткарылган Мосул шаарына барып, армияны жана Ирак элин улуу жеңиш менен куттуктаганы кабарланган.

Премьер-министрдин Твиттердеги расмий баракчасында анын Мосул шаарына аскердик кара күрмөчөн барган сүрөтү жарыяланды.

Ирактын аскерлери АКШ башында турган эл аралык коалициянын колдоосу менен Мосулду бошотуу аскердик чарасын 2016-жылдын октябрь айында баштаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2014-жылы өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террорчулардын карамагына өтүп кеткен Мосул шаары үчүн салгылашуу миңдеген жай тургундардын өмүрүн алып, миллиондой адамды үй-жайын таштап качууга аргасыз кылды. Ирактын Багдаддан кийинки эле экинчи шаары болгон Мосул үчүн негизги согуш аяктаганы менен, шаардын айланасындагы айылдарда "Ислам мамлекети" радикалдык террорчу уюмунун жоочулары мындан кийин да кол салууларды уюштура бериши ыктымалдыгын өлкө бийлиги эскертти.

XS
SM
MD
LG