Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Орусиялык сүрөтчү Илья Глазунов көз жумду


Сүрөтчү Илья Глазунов. 02.06.2015.
Сүрөтчү Илья Глазунов. 02.06.2015.

Москвада орусиялык даңазалуу сүрөтчү Илья Глазунов 87 жашында көз жумду.

Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары сүрөтчүнүн жубайы Инесса Орловага таянып кабарлагандай, И.Глазунов 9-июлда каза болгон.

1930-жылы Санкт-Петербург (мурдагы Ленинград) шаарында туулган Глазунов диний жана тарыхый темаларга жараткан кыл калем эмгектери менен белгилүү болгон.

1980-жылы ал Советтер Союзунун эл артисти наамына татыган, ошондой эле бир катар советтик жана орусиялык сыйлыктарга ээ болгон.

1987-жылы Орусиядагы Сүрөт, скульптура (бедизчилик) жана архитектура академиясын негиздеген жана анын ректору болуп иштеп келген.

XS
SM
MD
LG