Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Стамбулда он миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты


Элдик-Республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу "Адилеттик" урааны жазылган тактача менен. Анкара ш. 15.6.2017. AFP.
Элдик-Республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу "Адилеттик" урааны жазылган тактача менен. Анкара ш. 15.6.2017. AFP.

Түркиянын баш калаасы Анкарада 15-июнда башталган "Адилеттүүлүк жүрүшү" жекшембиде Стамбул шаарында аяктады. Жүрүшкө катышкан миңдеген кишилер 400 чакырымдан көбүрөөк аралыкты басып өтүштү. Демонстранттар өткөн жылдын жайындагы бийликти төңкөрүү аракетинен берки жапырт иштен алууларга, жапатырмак камоолорго каршылыгын билдиришүүдө.

Президент Режеп Тайып Эрдоган нааразылык чарасынын катышуучуларын "террорчулукту колдогондор" деп айыптап, жүрүштү уюштурган Элдик-Республикалык партия (Жумурияттык Калк партиясы, ЖХП) оппозициялык ишмердүүлүгүнүн алкагынан чыгып, террорчул топтор менен кызматташып жатат деген оюн билдирди.
Элдик-Республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу бул партиянын мүчөсү Энис Бербероглу 25 жылга абакка кесилген соң, элди нааразылык иретинде жөө жүрүшкө чыгууга чакырган.

Өткөн жылкы бийликти төңкөрүү аракетинен соң, расмий Анкара 50 миңдей кишини камакка алып, 140 миң адам жумуштан алынган жана четтетилген. Ондогон укук коргоочулардын жана журналисттердин камалышы эл аралык коомчулуктун олуттуу тынчсыздануусун жаратты.

Бийликти төңкөрүү аракетин уюштурду деп расмий Анкара АКШда бозгунда жүргөн ханафий диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Гүлен болсо бул дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG