Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Түркия “тагдыр чечер” шайлоо алдында


Бийликтеги АК партиянын шайлоо өнөктүгү үчүн даярдалган плакаты.
Бийликтеги АК партиянын шайлоо өнөктүгү үчүн даярдалган плакаты.

Ушул жекшемби күнкү шайлоодо президент Эрдогандын АК партиясы парламентте басымдуу көпчүлүктү камсыздай алса, өлкө Конституциясын өзгөртүүгө жол ачылып, Түркия парламенттиктен президенттик башкарууга көчүшү мүмкүн.

Бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же АК партиянын лидери катары он эки жылдык премьерликтен соң 2014-жылы августта президенттик кызматка өткөн Режеп Эрдоган Түркиянын башкаруу системасын өзгөртүү мүдөөсү бардыгын буга чейин эле ачык айткан.

Бул багытты көздөй жолду ал былтыр эле чаап, жаңы Түркиянын тарыхында алгачкы ирет эл тарабынан шайланган президент болду.

Азыркы Конституция боюнча Түркияда президенттин бийлик укуктары негизинен символикалык гана мааниге ээ.

Андыктан, 7-июндагы добуш берүү тагдыр чечүүчү шайлоо экенин эл менен жолугушууларынын биринде Эрдогандын саясий өнөгү, АК партиянын азыркы лидери, премьер - министр Ахмед Давутоглы да ырастады:

Ахмед Давутоглы Стамбулда эл алдына чыккан кез. 3-июнь, 2015-жыл.
Ахмед Давутоглы Стамбулда эл алдына чыккан кез. 3-июнь, 2015-жыл.

- Бул Түркиянын тагдыр чечүүчү шайлоосу. Ошол тагдырга ар бириңер өз мөөрүңөрдү басышыңар керек. Түрк мамлекети, түрк өкмөтү шайлоого чейин, анын жүрүшүндө жана андан кийин да коопсуздукту камсыздоону, ар кандай кысымга туруштук берүүнү уланта беребиз.

Түркия парламентине бул ирет бийликтеги АК партиядан башка дагы 18 саясий партия ат салышууда.

Ашынган оңчул Улутук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бакчели шайлоо өнөктүгү учурунда Эрдогандын эми президенттик бийликти чыңдоо мүдөөсүн сынга алып келди. Ал Анадолу провинциясындагы шайлоочулар менен жолугуп жатып:

- Түркиянын эли мындайды эч качан көргөн эмес. Эрдоган эми аткаруучу президент болууга умтулууда. Күн сайын митинг өткөрүп, 7-июнь жакындаган сайын улам агрессивдүү болуп бара жатат. Эрдоган иш жүзүндө президенттиктен чегинип кетти, ал бул кызматка татыктуу эмес, - деди.

Айтылуу Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген азыркы Түркия парламенттик башкаруу системасында жашап жатканына быйыл 92 жылдын жүзү болду.

Эрдоган Карс шаарындагы шайлоо митингинде. 3-июнь, 2015-жыл.
Эрдоган Карс шаарындагы шайлоо митингинде. 3-июнь, 2015-жыл.

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү көргөзгөндөй, парламентке кирүү үчүн АК партияга атаандаш болуп жаткан саясий күчтөрдүн бири президенттик башкарууга өтүүнү жакташпайт жана парламенттик системаны эле кармап калууга артыкчылык беришет.

Түркиялык талдоочу, Анкарадагы стратегиялык институттун башчысы Мехмет Өзчан кабарчылар менен маегинде төмөнкүлөргө көңүл бурду:

- Президент Эрдогандын көз карашында жана ишениминде Түркиянын келечеги түрк стилиндеги же башка стилдеги президенттик башкарууда жатат. Бирок анын өз партиясы да муну шайлоо өнөктүгүнүн борбордук маселеси кылбагандыктан, Эрдоганга президенттик боюнча өз максаттарын, стратегиясын түшүндүрүү үчүн эл менен жолугушууларды өткөрүүгө туура келди. Муну менен Эрдоган бийликтеги АК партияга жашыруун колдоо да көргөздү. Себеби, президенттикти киргизүүнүн жалгыз жолу – башкаруучу партиянын парламентте 330дан ашуун добуш алуусу. Мына ошондо гана алар конституциялык өзгөртүүнү жалпы элдик референдумсуз жасай алышат.

Конституцияны өзгөртүүгө жол ачылышы үчүн АК партияга алдыда эки цифра маанилүү. Эгер алар түрк парламентиндеги 550 орундун кеминде 330ун алса, Конституцияны элдик референдум аркылуу өзгөртө алышат, ал эми 367 орунга жетишсе, Эрдогандын мүдөөсүн парламент өзү эле орундатып коет.

Элдик-демократиялык партиянын жактоочулары. Диярбакыр, 5-июнь, 2015-жыл.
Элдик-демократиялык партиянын жактоочулары. Диярбакыр, 5-июнь, 2015-жыл.

Бирок айрым аналитиктердин эсебинде, Эрдогандын партиясы бул эки сандын азына да жетпей калышы мүмкүн. Азыркы парламентте АК партиянын 311 мандаты бар. Экинчи саясий күч 125 орундуу Республикалык элдик партия. Калган орундар майда партиялар жана көз карандысыз депутаттар ортосунда бөлүнгөн. Парламентке кирүү үчүн партиялар 10% босогодон өтүүгө тийиш.

Талдоочулардын баамында, азыркы шайлоодо күрт азчылыгынын добушу чечүүчү роль ойночудай.

Эгер күрттөрдүн таламын талашкан, ага катар либералдык жана солчул багытынан улам популярдуулугу арта баштаган жаңы саясий күч - Элдик демократиялык партия 10 пайыздык чектен өтүп, парламентке кирсе, анда АК партия мандаттардын басымдуу көпчүлүгүн алуу максатына жетпей калышы мүмкүн.

Салахаттин Демирташ.
Салахаттин Демирташ.

Өзү буга чейинки шайлоолордо АК партия Түркия калкынын бештен бирин түзгөн күрттөрдүн кеминде жарымынын добушун алып келген. Эрдоган да мурдагы лидерлерден айырмаланып, күрт согушкерлери менен куралдуу күрөштү токтотуу, алардын укуктарын кеңейтүү багытында бир топ чараларга барды.

Бирок баяндамачылардын пикиринде, коңшу Сириядагы жаңжал Түркиянын күрттөр менен мамилесин татаалдаштырды.

2011-жылкы парламенттик шайлоодо күрттөрдүн көз карандысыз оппозициячыл талапкерлери жалпысынан 6,5 % добуш топтошкон.

Ал эми жылдызы жанып келе жаткан күрт саясатчысы, Элдик-демократиялык партиянын лидери, Селахиттин Демирташ былтыркы президенттик шайлоодо 10% жакын добуш алган.

42 жаштагы Демирташ көптөр анын партиясын Эрдогандын чексиз бийлигине бөгөт коюуга кудуреттүү күч катары кабыл алышарын айтат. “Эрдоган президенттик дегенди биз дикататура деп билебиз, - деди саясатчы “Ассошиэйтед Пресстин” кабарчысына.

Эрдоган кезинде президенттик башкарууга көчүүнүн бир себеби катары парламенттик система экономикалык өсүштү артка тартып жатканын атаган эле.

Бирок байкоочулар баамында, дал ушул экономикадагы азыркы абал, жумушсуздуктун өсүшү жана коррупциялык чыр-чатактар Эрдогандан партиясы азыркы шайлоодо парламентте басымдуу көпчүлүктү камсыздай албасын шарттоосу мүмкүн. Түркияда азыр жумушсуздук деңгээли 11% ашуун жана бул акыркы 5 жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG