2017-жылдын башынан бери Кыргызстанда 2582 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылкы көрсөткүчкө караганда 4,2% көп. Кырсыктан 307 киши набыт болуп, 3835 адам жаракат алган. Бул тууралуу Мамлекеттик кайгуул-күзөт башкармалыгы маалымдоодо. Ага ылайык, жол кырсыктарынын 87,2% айдоочулардын, 7% жөө адамдардын күнөөсү менен болгон. Айдоочулардын көпчүлүгү ылдамдыкты көбөйтүү, каршылаш тилкеге чыгып алуу жана жол эрежелерин сактабаганы менен кырсыкка кабылышууда. Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын 10 пайызына айдоочулардын алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, ролго отурганы себеп болгон.
Өткөн жылы Кыргызстанда 6 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 900дөн ашуун адам каза тапкан. Тогуз миңге жакыны ар кандай деңгээлде жаракат алган. Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Күнүнө орто эсеп менен автокырсыктардан үч адамдын өмүрү кыйылат. (ZKo)