Орусиялык укук коргооч Виталий Пономаревдун өлкөгө киргизилбегени тууралуу "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова акыйкатчы Кубат Оторбаевге маалымдаган. Бул тууралуу укук коргоочу "Азаттык" радиосуна кабарлады. Азырынча Акыйкатчы институту кандай аракет көрөрү белгисиз.
Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" бекетинде турган орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев түнү менен эч кандай өзгөрүү болбогонун "Азаттыкка" билдирди. Ал Бишкектен Москвага учуучу билетин жабууга жана Бишкекте калган буюм-тайымдарын алдырууга аракет кылып жатканын да маалымдады.
"Мемориал" уюмунун Борбор Азия программаларынын жетекчиси Виталий Пономарев 9-июлда Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга киргизилген эмес. Бул маселе боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы жана УКМК эч кандай комментарий бере элек. (ZKo)