Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

"Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин сот иши 11-июлда уланат


Соттук териштирүүдө айыпталуучу тараптын күбөлөрү көрсөтмө берүүсүн улантат.

"Ата Мекен" партиясынын штабынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, процесске “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов жана Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков күбө катары келүүсү күтүлүүдө.

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов иш боюнча элүүгө чукул күбө бар экенин "Азаттык" радиосуна билдирген. Алардын ичинде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева баштаган көпчүлүк мүчөлөрү, парламент депутаттары жана башка адамдар бар.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновго "Мегаком" ишканасына байланыштуу кылмыш иши козголуп, 26-февралда камалышкан. Алар муну бийликтин куугунтугу катары баалап келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG