Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Ысык-Көлдө чөгүп кеткен дарыгердин сөөгү табылды


Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын дайынсыз жоголгон тургуну көлдөн табылды. Бул тууралуу облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Адис Кыдыкбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, маркумдун жакындары жардам сурап кечээ кайрылышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары маркумду жээктен 15 чакырым алыстан табышкан. Чөгүп өлгөн адам Ак-Суу районунун 46 жаштагы тургуну Нурдин Малабашев болгон. Ал райондук ооруканада дарыгер болчу. (AsM)

XS
SM
MD
LG