Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Өзбекстан чыгуу визасын алып салууну талкуулады


Иллюстрация
Иллюстрация

8-июлда Өзбекстандын президенттик администрациясы жана тиешелүү министрлик, агенттиктери чет өлкөгө чыга турган жарандары үчүн чыгуу визасын алып салууну талкуулашты. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында маалымдалат. Бирок жыйын кандай чечим кабыл алганы кабарланган жок.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев быйыл январда чыгуу визасын жоюу демилгесин көтөрүп, тиешелүү жарлык чыгарган.

Советтик доордон бери калган бул процесс өзбекстандыктардын чет өлкөлөргө чыгуусуна тоскоолдук жаратып, бул маселени чечкен кызмат адамдары үчүн коррупциялык схемага айланганы айтылат.

XS
SM
MD
LG